Өлкөнүн бардык облустарындагы айрым райондук администрация башчыларынан, жергиликтүү депутаттардан, айылдык лидерлерден жана айыл өкмөт башчыларынан турган 40 адамдык делегация Түштүк Кореяга барып, атайын уюштурулган семинар-тренингдерге катышып, тажрыйба алмашып келишти. 

Түштүк Кореянын “Сэмаылды Глобалдаштыруу Фонду” менен биргеликте, «Айыл аймактарын өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөлү!» аттуу бир апталык семинар-тренингге алып барып, ийгиликтүү тажрыйба алмашып келишти. Семинар-тренинг 17-апрелден 25-апрелге чейин Түштүк Кореянын Кёнджу, Похан, Андон жана Сеул шаарларында болуп өттү. Семинар-тренинг учурунда корей элинин 1970-жылдардагы социалдык жана экономикалык кыйын акыбалы, ошол учурдагы оор кырдаалдан азыркы учурда дүйнөдөгү эң өнүккөн 10 өлкөнүн ичине кандай жол менен жеткендиги тууралуу кеңири маалымат тааныштырылып, лидерлер өздөрүнө керектүү болгон мыкты тажрыйбаларга ээ болушту. Түштүк Корея элинин “Сэмаыль Ундонг” кыймылы бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүчү дүйнөлүк эң мыкты тажрыйба катары таанылып, өнүгүү жаатында башкаларга үлгү болчу ыкмалардын бири катары кабыл алынган. “Сэмаыль Ундонг” сөзү кыргыз тилинде “Жаңы айыл кыймылы” деген маанини туюндурат. Бул кыймыл максат, мүдөөсү жагынан биздин элибиздин салтында ынтымактын жарчысы болгон “Ашар” ыкмасына шайкеш келет.